Казакстандык айкелчинин сүрөттөрү социалдык тармактарда популярдуу болууда

Казакстандык айкелчинин сүрөттөрү социалдык тармактарда популярдуу болууда

Бул жерде чыгармачыл идеялар пайда болуп, жаңы айкелдер жаралууда. Алардын арасында Абай Кунанбай уулунун, Махамбет, Исатай жана башка тарыхый инсандар бар. Казакстандык белгилүү скульптор Болатбек Салаевдин өнөрканасы борбор калаага жакын жерде иштейт. Жаш сүрөтчүнүн куржунунда ондогон ийгиликтүү эмгектери бар, аларды өлкөнүн ар кайсы аймактарынан кездештирүүгө болот.

Болатбек Салаев, айкелчи:

- Биздин айкелдерди бардык шаарлардан кезиктирүүгө болот. Алматы, Нур-Султан, Костанай, Актау, Атырау жана райондордо да бар.

Азырынча ушундай. Бирок чебер өзүнүн чөйрөсүндө белгилүү боло электе эле, чоң жолду басып өткөн. Анын өнөргө болгон кызыгуусу үч жашынан күч алган. Билим алып, тажрыйба топтогондон кийин ири уюмдардан, ар кандай деңгээлдеги акимчиликтерден буйрутмаларды ала баштаган.

Болатбек Салаев, айкелчи:

- Биз фигураларды жасоодо ар кандай материалдарды колдонобуз: коло, гипс, айнек, желим, кээде жыгачтан жасайбыз. Буюртмага жараша болот.

Мындай шедеврлерди жаратуу үчүн чебер 5 метрден жогору болгон тепкичти колдонот. Бирок, кандай гана иш болбосун эскизден башталат жана көптөгөн баскычтардан турат. Негизинен бир айкелди жасоого бери дегенде 3 ай убакыт сарпталат.

Болатбек Салаев, айкелчи:

- Негизги ишти баштоодон мурун кичинекей көчүрмөсүн жасап, андан кийин чоң скульптураны жасоого киришебиз. Эгерде бул белгилүү адам болсо, анда биз сүрөткө тартабыз, эгерде бул жөн гана эне менен баланын элеси болсо, анда биз аны өзүбүз жаратабыз.

Айта кетчү жагдай, Болатбек Салаевдин көркөм айкел сүрөттөрү социалдык тармактарда популярдуу болууда. Чебер буга чейин 40 айкелдин автору болгон. Анын айтымында, бул иштин башталышы гана.

Которгон: Илгиз Жамалбеков