Агро бизнестеги инновациялар: Борбордогу заманбап күнөсканалардын өзгөчөлүктөрү кандай

Агро бизнестеги инновациялар: Борбордогу заманбап күнөсканалардын өзгөчөлүктөрү кандай

Казакстанда нано-жарык менен иштеген заманбап күнөсканалар тармагы түзүлөт. Нур-Султан шаарынын индустриалдык аймагында жайгашкан мындай биотехнологиялык чарба бүгүнкү күндө өлкөдөгү жалгыз күнөскана болуп саналат. Уникалдуу объектте ушуну менен үч жылдан бери помидор жана бадыраң өстүрүлөт. Өзгөчө долбоордун ээси - Амангелди Таукенов. Багбан максатын жүзөгө ашыруу үчүн «Илим фондунан» 200 миллион теңгеден ашык грант алган.

Амангелди Таукенов, долбоордун автору:

- Ойлоп табуунун өзгөчөлүгү - бул LED архитекторлорунун негизинде нанобөлүкчөлөрдүн колдонулушунда. Ал керектүү көлөмдө жана туура багытта жарык кылууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү жогорулап, тездик менен өсөт. Өндүрүмдүүлүк орто эсеп менен 20-30 пайызга жогорулады. Өнүмдүн сапатынан тышкары, энергияны керектөө салттуу энергия булактарына караганда 50-70%га аз жумшала турган болду. Башкача айтканда, үнөмдөө көлөмү көбөйөт. Эмне үчүн күнөскана курдук? Бул долбоор аркылуу биз LED системасы күнөскана чарбачылыгы менен алектенгендерге жакшы натыйжаларды берерин иш жүзүндө көрсөткүбүз келди.

Багбандын айтымында, жаңы ыкманын жардамы менен күнөскананын бир чарчы метринен 90 килограммга чейин түшүм алууга болот. Комплекстин жалпы айдоо аянты 6 миң чарчы метрден ашат. Жашылчалардын сапаты менен түшүмдүүлүгүнө жана тез бышып жетилишине нанобөлүкчөлөрдөн тышкары, заманбап технологиялар да колдонулат. Алардын бири – абанын нымдуулугу менен температураны жөнгө салуучу автоматташтырылган климаттык башкаруу тутуму. Натыйжада, жылдын он эки айы бою өнүм алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Арын Орсариев, «Илим Фонду» АК башкарма төрагасы:

- Бул Казакстан жана Иллинойс окумуштууларынын биргелешип ойлоп тапкан нанотехнологиясы. Алар жарыкты өзгөртө турган нанобөлүкчөлөрдү иштеп чыгышты. Мунун натыйжасында өсүмдүктөр тезирээк өсөт. Бул өлкөнүн кылкандуу-дан эгиндерин инновациялык жактан жакшыртуу үчүн табылгыс долбоор. Ойлоп табуу жарыкты туура багыттоо менен катар, өндүрүмдүүлүктү жогорулатканы кубандырат. Бул долбоорго 200 миллион теңгеден ашык каражат сарпталды. Өнүмдү сатуудан азыркы учурда өлкө экономикасына 500 миллион теңге келип түштү.

Казакстанда илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу иши комплекстүү түрдө колго алынган. Ойлоп табуучулардын жаңы идеялары Өкмөт тарабынан «Илим фонду» аркылуу каржылык жактан колдоого алынат. Акыркы 5 жылда эки жүздөн ашуун заманбап демилге тандалып алынып, анын 150сү сынактык талдоодон өттү. Бүгүнкү күндө 103ү ички рынокто ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын 13ү өнүмдөрүн тышкы рынокко экспорттойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков