Эл аралык транспорт көргөзмөсү ачылды

Эл аралык транспорт көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада Борбор Азиядагы соода, жол курулушу, коммуналдык жана коомдук транспорттун эл аралык көргөзмөсү ачылды. Аймактагы эң ири заманбап ишкер аянтча унаа, тетиктер, оңдоочу жабдуулар сыяктуу авто унаалар дүйнөсүнө көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, масштабдуу иш-чаранын алкагында серепчилер чогулуп, үч күн бою тармактагы негизги маселелерди талкуулашат. Коомдук транспортту өнүктүрүү жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн тармакты санариптештирүү, билеттерди сатуунун бирдиктүү тутумун киргизүү сыяктуу темалар биринчи күн тартибинин чордонуна айланды. Бул жаатта туристтерди ташуу жагын жакшыртуу аркылуу саякатчылардын агымын көбөйтүүнүн жаңы жолдору каралды. Эң алды менен коопсуздукка жана ыңгайлуулукка артыкчылык берилет. Бул багытта Казакстан туристтик автоунаалар баасынын 25% субсидиялоо жана жүргүнчүлөрдү ташуунун интермодалдык тутумун сунуштоо сыяктуу долбоорлор колго алынат.

Даниель Сержанулы, «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы ак туристтик өнүмдү өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

- Интермодалдык ташуу деп аталган транспорттун бир нече түрүн жүргүзүү боюнча жакшы талкууларды өткөрөбүз. Мисалы, сиз Алматыга чейин поездге билет сатып аласыз дейли. Жетип баргандан кийин, андан ары Капчыгайга чейин маршруттук такси же башка транспорт каражаттары күтүп турушу мүмкүн. Алардын бардыгы бир билеттин ичинде болот. Дүйнөдө мындай тажрыйба бар. Биз эми аны Казакстанга кантип киргизсек болот? Бул тууралуу авиа ташуучулар, темир жол транспорту жана жеке такси же транспорттук компаниялар менен талкуулайбыз.

Ержан Балтаев, «Astana Invest» башкармалыгынын төрагасы:

- Туристтер шаарыбызга келгенде, алардын биринчи кезиккен адамы жүк ташуучу унаанын айдоочусу же транспорттун өзү. Туристтерге жакшы таасир калтырыш үчүн биз транспорттук компанияларга, кесиптештерибизге жана алардын айдоочуларына усулдук окутуу жүргүзүү маселесин колго алабыз деп жатабыз. Мындан тышкары, бул тил маселеси. Бүгүнкү күндө керек болгон англис тилин үйрөтүү сыяктуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков