Казакстанда сейрек жаныбарлар менен канаттуулардын биобанкы түзүлөт

Казакстанда сейрек жаныбарлар менен канаттуулардын биобанкы түзүлөт

Жоголуп бара жаткан жаныбарлардын жана канаттуулардын генетикалык маалыматын жоготпоо. Бул максатта ата мекендик окумуштуулар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган ири долбоорду колго алды. Анын алкагында канаттуулардын жана жаныбарлардын ДНКсы изилденет. Бул үчүн алардан кан сынамасы жана чачтын, же булчуң ткандарынын үлгүлөрү алынат. Ошентип, өлкөнүн коруктарындагы тармал осьминогдун, кескелдириктин, ак турнанын же сайгактардын генетикалык маалыматын сактап калууга мүмкүнчүлүк пайда болду.

Елена Жолдыбаева, Жамааттык колдонуу улуттук биотехнология лабороториясынын жетекчиси:

- Нуклеотиддер тизмегин аныктап, ал тургай митохондриялык ДНКнын негизинде анын кандай жаныбар экендигин, жада калса кайсы түргө таандык экендигин түздөн-түз билүүгө болот. Андан кийин болгон нуклеотиддердин ырааттуулугун салыштырып, анын түрүнөн тышкары эволюциялык өнүгүү баскычтарын көрүүгө мүмкүндүк бар.

Виктория Цай, Прикладдык генетика лабороториясынын илимий-кызматкери:

- Белгилүү классификацияга ылайык, биз бул жаныбарлардын катарларын, бири-бири менен тыгыз байланышкан түрлөрүн аныктайбыз. Ошол аркылуу генетикалык чынжырды түзөбүз.

Белгилей кетсек, мындай жол менен алынган маалыматты илимпоздор эл аралык маалымат базасына киргизишет. Дал ушундай ыкманы колдонуп, алар жоголуп бара жаткан жана сейрек кездешүүчү өсүмдүк түрлөрүнүн базасын да калыптандырат. Жалпы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо программасы үч жылга эсептелген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков