РКнын Праламенти 2021-жылкы бюджеттин аткарылышын кабыл алды

РКнын Праламенти 2021-жылкы бюджеттин аткарылышын кабыл алды

Улуттук кор үнөмдөө режиминен керектөө режимине өттү. Бул тууралуу Сенат депутаты Ольга Перепечина бүгүн Казакстан Парламенти палаталарынын биргелешкен отурумунда билдирди. Анын айтымында, каатчылык учурунда бул мажбур түрдө жана негизи бар иш-чара болуп саналат. Анткени мамлекеттик милдеттенмелердин көлөмү өсүп жаткандыгы менен байланыштуу. Социалдык чыгымдар бюджеттин 40 пайыздан ашыгын түзөт. Ошондуктан, жаңы киреше булактарын издеп, өлкөнүн «коопсуздук жаздыгын» жана келечек муундар үчүн каражаттарды башкаруу ыкмаларын кайрадан карап чыгуу керек. Өнөр жай комплексин колдоону көңүл сыртында калтырбоо керек, - деп белгиледи сенатор.

Ольга Перепечина, Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы, ркнын парламент сенатынын депутаты:

- 2020-жыл биздин өлкө жана дүйнө жүзү үчүн оор жыл болду. Биз мындан сабак алышыбыз керек. Учурда каралып жаткан бюджеттин натыйжалары экономикалык, бюджеттик, мамлекеттик башкарууга байланыштуу туура чечимдерди кабыл алуу, колдоо инструменттери жана механизмдерин түзүү үчүн маанилүү. Алардын бардыгы каатчылыктан кийинки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган. Бизде Казакстан Республикасынын 2025-жылга чейинки улуттук өнүгүүнүн планы, анти-каатчылык программалары бар. Негизги каржы инструмент катары бюджет жаңы экономиканы, аймактарды өркүндөтүүгө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталууга тийиш.

Премьер-министр Аскар Мамин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, быйыл калктын кирешесин 5 пайызга көтөрүү үчүн 8 триллион теңгени түзгөн 415 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Буга кошумча, быйыл 17 миллион чарчы метр турак жай, 200 мектеп жана 30 медициналык мекеме пайдаланууга берилет. Ошентип, Өкмөттүн алдында турган негизги милдет – бул экономикалык өсүүнү 3,5-4% пайыздык деңгээлинде камсыз кылуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков