Казак-Эстон бизнес форуму: кызматташтыктын келечеги

Казак-Эстон бизнес форуму: кызматташтыктын келечеги

Казакстан менен Эстония кызматташтыктын жаңы деңгээлине чыгууну максат кылууда. Тараптар соода-экономикалык жана ишкердик байланыштарды жигердүү өнүктүрүүгө, экспорттун жана импорттун көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Эстония алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбага таандык ар кандай тармактардагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Онлайн форматта өткөн казак-эстон бизнес форумунда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары транзиттик жана логистикалык сектордо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө, ошондой эле, саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, IT жана жашыл технологиялар жаатында долбоорлорду ишке ашырууда өлкөлөрдүн өнөктөштүгүнүн дараметин белгилешти.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда Эстония капиталынын катышуусу менен 100дөн ашуун ишкана ийгиликтүү иштеп жатат.

Нурлан Сейтимов, Казакстандын эстониядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Эстония - Казакстан үчүн Балтика чөлкөмүндөгү абдан маанилүү өнөктөш. Биз үчүн экспорттун жана импорттун көлөмүн көбөйтүү, алардын спектрин кеңейтүү аркылуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз Эстония менен экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен ишке ашырып, жаңы байланыштарды орнотууну каалайбыз. Мындай бизнес форумдарды өткөрүү динамиканы бир калыпта кармоого жана жеке жолугушуулар, иш сапарлар бизнести кеңири масштабда өнүктүрүүгө негиз түзөт деп ойлойбуз.

Хейти Мяемеэс, Эстониянын казакстандагы элчиси:

- Былтыр коронавирус пандемиясына карабастан экспорт көбөйдү. Казакстандан импорт бир аз кыскарган. Деген менен экспорт кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө абдан жакшы өнүгүп жатат. Тагыраагы , биз тыгыз кызматташкан тармактар логистика жана маалыматтык технологиялар, кызматтар абдан тездик өнүгүүдө. Инвестициялар жөнүндө айта турган болсок, бул биз үчүн дагы абдан маанилүү. Учурда биз Казакстандан Эстонияга болжол менен 54-55 миллион, ал эми Эстония компанияларынан Казакстанга 12 миллион инвестиция келгенин көрөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков