Франция бизнеси Казакстанда иш алып барууга даяр

Франция бизнеси Казакстанда иш алып барууга даяр

Франциянын ири жана маанилүү аймактарынын биринде Казакстандын инвестициялык дарамети тааныштырылды. Бешинчи республиканын чыгышындагы Соода-өнөр жай палатасы өлкөдө иш алып барууга кызыктар болгон ишкерлерди жана казак рыногунда ийгиликтүү иштеп, анын чөйрөсүн мындан ары кеңейтүүнү мерчемдеп жаткан компаниялардын өкүлдөрүн чогултту.

Жильбер Стампфлен, Чоң Чыгыш аймагы соода өнөржай палатасынын президенти:

- Биздин ишкерлер Казакстан жөнүндө жакшы билишет. Жолугушууда көптөгөн ишкерлер сиздердин өлкөдөгү оң тажрыйбалар, түзгөн байланыштары тууралуу айтып беришти. Франциядагы ишкерлерге Казакстанда кандай шарттар түзүлгөнүн билүү үчүн кошумча маалыматтарды чогултуунун кажети жок. Кепилдиктер, коопсуздук маселелери эң маанилүү маселелер. Бизде мындай кепилдиктер бар.

Казакстан чет элдик компаниялар үчүн жөн гана соода аянтчасы эмес. Эгерде ири француз корпорациялары өз өндүрүштөрүн өлкөдө баштоону максат кылышса, анда чакан жана орто бизнес үчүн мындай тааныштыруу иш-чаралары жаңы Казакстандын базарына чыгуусуна мүмкүнчүлүк пайда болмок. Казакстан рыногу аркылуу Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө, Кытай жана Орусиянын керектөөчүлөрүнө чыгууга жол ачылат.

Кристин Бертран, Мерт и Мозель департаменти Medef бизнес бирикмесинин президенти:

- Көрүнүп тургандай, биздин компания өкүлдөрүнүн кызыгуусу жогору. Айрыкча, Казакстан жаш ишкерлер үчүн кызыктуу. Биздин департамент үчүн сиздердин өлкөгө саякат уюштурууга, ал жактагы ишканаларды кыдырып, байланыш түзүүгө өзгөчө кызыктарбыз.

Аны менен катар, Казакстан менен Франция кадрларды даярдоо жаатында кызматташууга ниеттенүүдө. Анткени жаңы бизнес долбоорлорду иштеп чыгуу кызматкерлерди талап кылат. Андыктан, Казакстандын экономикасына багытталган француз инвестициялары алдыңкы технологияларды киргизүүнү талап кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков