Казакстандын экспорту 11,5 млрд долларга жетти

Казакстандын экспорту 11,5 млрд долларга жетти

Жыл башынан бери Казакстандын экономикасы олуттуу өсүшкө жетишти. Бул жаатта калыбына келүү динамикасы бардык тармактарда байкалууда.

Премьер-министрдин төрагалыгы астында өткөн Өкмөт жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары талкууланды. Казакстандын жалпы ички дүң өнүмү 0,7 пайызды түздү. Буга чийки зат эмес сектору эң чоң салым кошту. Рекорддук көрсөткүчтү өнөр жай өндүрүш тармагы көрсөттү, соңку 4 айда анын өсүшү 7,7 пайызды түздү. Казакстандын 13 аймагы оң натыйжаларды көрсөтүүдө. Алдыңкы үчтүккө Нур-Султан, Алматы жана Алматы облусу кирди. Ошондой эле, унаа куруу, локомотивдер, электрондук жабдуулар өндүрүшү, химия өнөр жай тармактары дагы жогорку натыйжаларды көрсөттү.

Мындан тышкары, өндүрүштүк эмес тармактарга инвестициялар 32,3 пайызга өскөнү байкалат. Биринчиден, бул кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле, курулуш жана айыл чарбачылыгы. Экспорттун көрсөткүчтөрү да кубандырат. Быйыл чет өлкөлөргө товар жеткирүү 11 жарым миллиард долларга чейин көбөйдү.

Асет Ергалиев, Казакстандын улуттук экономика министри:

- Үчтүн айы-жалган куран айларында тышкы соода жүгүртүү 19,7 миллиард долларга жетти. Анын ичинен экспорт 11,5 миллиард долларды түздү. Бул жаатта чийки зат эмес товарлардын экспорту 15 пайызга өсүп, 4 миллиард долларга чейин жетти. Товарлардын импорту 8,2 миллиард долларды түздү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бардык 7 макро көрсөткүчтөрүнүн өсүшү Мангыстау облусу менен Шымкент шаарында байкалды. Акмола, Актөбе, Жамбыл, Караганды жана Костанай облустары бир топ артта калган. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Батыш Казакстан облусуна таандык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков