Мажилис: куралдарды сатуу тартибин күчөтүү керек

Мажилис: куралдарды сатуу тартибин күчөтүү керек

Казакстан Парламенти Мажилисинин депутаттары өлкөдө курал-жарак сактоо эрежелерин катаалдаштырууну суранды.

Тактап айтканда, муздак куралды колдонууга 24 жаштан жогору жарандарга гана лицензия берүү сунушталууда. Төмөнкү палатанын депутаты Андрей Линниктин айтымында, учурда 18 жашка толгон жарандар курал-жарактарды өлкөдөгү дүкөндөрдөн сатып ала алат. Ал үчүн наркологиялык жана психоневрологиялык диспансерден аныктама алуу керек. Мындан тышкары, Мажилис депутаттары өлкөдөгү билим берүү мекемелерин коргоо тутумундагы талаптарды кайра карап чыгуу керектигин белгилешүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков