Мажилис «Байконур» космодромунан космос аппараттарын учурууга арналган документти кабыл алды

Мажилис «Байконур» космодромунан космос аппараттарын учурууга арналган документти кабыл алды

«Байкоңур» комплекси боюнча Казакстан-Орусия ортосундагы кызматташтыктын чөйрөсү кеңейет. Парламент Мажилисинин депутаттары тараптардын «Союз-2» ракетасын учуруу тартибин жөнгө салган мыйзамды жактырышты. Эми учуулар жылына үч жолу катталып, ал эми ракета бөлүктөрү Костанай облусунун Жангелди районуна түшөт деп макулдашылган. Ал үчүн жергиликтүү акимчиликтин эсебине 460 миң АКШ доллар компенсация төлөнөт. Мындан тышкары, ар бир ракета үчүн кошумча 50 миң доллар төлөнөт деп макулдашылган.

Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

- Кулоо аянты сервитут боюнча жылына бир нече жолу гана колдонулат. 3-6 күндүк мезгилде адамдардын жана үй жаныбарларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кулаган аймакка кирүү жабык болот. Калган убакытта кулаган аймакта сейилдөөгө жана аны жайыт катары пайдаланууга чектөөлөр коюлбайт. Адамдардын кулоо аймагынан тышкары жерлерде жашоосу коопсуз болуп саналат.

Багдат Мусин келишимде жаратылышты коргоо уюмдарынын талаптары эске алынганын айтат. Мисалы, кийиктердин төлдөө жана канаттуулардын уя салуу учурунда ракета бөлүктөрүнүн кулап түшкөн аянтын колдонуу чектелет. Башкача айтканда, чын куран -кулжа айларында учуруу убактылуу токтотулат. Ошондой эле, аларды учуруу үчүн керосин менен кычкылтектин аралашмасынан жасалган табигый, таза жана коопсуз күйүүчү май колдонулат. Экологиялык кырдаалды көзөмөлдөөгө ата мекендик адистер тартылат.

Багдат Мусин, Казакстандын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

Ар бир ракета учурулган сайын жакынкы калктуу конуштардагы айлана-чөйрөнү гигиеналык баалоо иштери жүргүзүлөт. Айлана-чөйрөнү коргоо объектилеринин үлгүлөрү алынып, калктын ден-соолугу текшерилет. Мындан тышкары, кулоо аянтын пайдалануу учурунда өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө жыл сайын мониторинг жүргүзүү көздөлүүдө.

Макулдашуу дүйнөнү кең тилкелүү интернет менен камсыз кылууга багытталган эл аралык долбоор алкагында ишке ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков