Казакстан менен Өзбекстан «Азия шенгенин» киргизет

Казакстан менен Өзбекстан «Азия шенгенин» киргизет

Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн өзүнүн «шенгени» болот. Silk Road Visa көп жолку электрондук туристтик визасын киргизүү биринчи этапта Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда каралууда, деп билдирет Казакстан спутник маалымат агенттиги. Жаңы механизм туристтерге коңшу мамлекеттердин чек арасынан өтүүдө виза, бажы жана чек ара тоскоолдуктарын жеңилдетет. Эгерде азыр чет элдиктерге, мисалы, Казакстанга жана Өзбекстанга кирүү үчүн өзүнчө виза алыш керек болсо, анда мындай жаңычылдык менен аталган маселе жеңилдейт. Учурда ченемдик-техникалык мүнөздөгү маселелер чечилип жатат. Жарандардын виза алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган өлкөлөрдүн тизмеси буга чейин макулдашылган. Иштеп чыгуучулар ушул жылдын аягына чейин бардык жумуштарды бүтүрүүнү мерчемдеп жатышат. Белгилей кетсек, мындай демилгеге Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан оң баасын беришкен.

«Өзбек тарап менен Silk Road Visa электрондук долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча эки консулдук кеңеш жүргүзүлүп, жумушчу топтун төрт отуруму өттү. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Silk Road Visa электрондук туристтик визасы тууралуу эрежелери жана жарандары аталган визаны алууга документтерди тапшыра алган өлкөлөрдүн бирдиктүү тизмеси макулдашылды», ­– деп маалымдайт Маданият жана спорт министрлигинин өкүлдөрү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков