Мажилисте техникалык кызматкерлердин маянасын көтөрүү маселеси каралды

Мажилисте техникалык кызматкерлердин маянасын көтөрүү маселеси каралды

Казакстандагы техникалык кызматкерлердин маянасы айтарлыктай эмес. Мажилистин кезектеги жыйынында төмөнкү палатанын депутаты Максат Раманкулов социалдык кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү маселесин козгоду. Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл буруп, жыл сайын мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгын 20-30%га көтөрүп келет. Бул жагымдуу көрүнүш. Бирок, аталган тармактардагы кошумча техникалык кызматкерлердин эмгек акысы эске алынбай калат. Буга байланыштуу Максат Раманкулов өлкөнүн вице-премьер-министри Ералы Тугжановтун атына депутаттык суроо-талап жөнөттү.

Максат Раманкулов, Казакстандын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Медайымдар, ассистенттер, пол жуугучтар, тез жардам кызматкерлери, музейлер, искусство, мектептер, бала бакчалар, китепканалар жана башка архив тармагындагы башка да кызматкерлер алардын кесиптештери үчүн мамлекет жыл сайын айлык акыларын көбөйтүп жатса, ал эми аталган тармактардагы техникалык кызматкерлердин маянасы көп жылдар бою өзгөрүүсүз бойдон калат, деген нааразычылыктарын билдиришет. «Ак жол» парламенттик фракциясы бул маселеге көңүл буруу зарыл деп эсептейт жана аталган категориядагы кызматкерлерди татыктуу киреше деңгээлинде камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков