Өкмөт социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн такталган божомолун карады

Өкмөт социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн такталган божомолун карады

Казакстандын Өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн такталган божомолун карады. Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министри Асет Ергалиевдин айтымында, быйыл ата мекендик экономиканын өсүшү 3,1 пайыз деңгээлинде болот деп күтүлүүдө. Бул жаатта номиналдуу жалпы ички өнүм 77,8 триллион теңге көлөмүндө бааланууда. Тактап айтканда, металлургия, курулуш, маалымат жана байланыш тармактарында көрсөткүчтөрдүн жакшырышы болжолдонууда. «Улуттук банктын божомолуна ылайык, экспорт 10,8 миллиард долларга көбөйүп, тагыраагы 52,2 миллиард долларга чейин өсөт. Импорт 37,1 миллиард долларды түзөт. Инфляция мурда бекитилген 4,0-6,0 пайыз чегинде сакталды», - деп билдирди Асет Ергалиев. Премьер-министр социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолун жана 2025-жылга чейин республикалык бюджет жөнүндө жаңыланган мыйзам долбоорун Парламентке киргизүүнү тапшырды.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Казакстан экономикасынын жыл башынан бери өсүшү жана дүйнөлүк товардык базарлардагы кырдаал боюнча ыкчам маалыматтарды, ошондой эле, дүйнөлүк экономиканын өсүү божомолун эске алуу менен Өкмөт 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү менен индикаторлорун кайра карап чыкты. Мисалы, 2021-жылы жалпы ички өнүмдүн реалдуу өсүшү 3,1 пайыз деңгээлинде, мунайдын баррели 50 доллар деңгээлинде, улуттук валюта баасы 1 долларга 425 теңге деңгээлинде болжолдонуп жатат. Буга байланыштуу республикалык бюджеттин долбоору социалдык-экономикалык өнүгүүнүн такталган божомолун эске алуу менен түзүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков