Мажилисте жерди чет элдиктерге сатууга тыюу салган мыйзам 2-окуудан өттү

Мажилисте жерди чет элдиктерге сатууга тыюу салган мыйзам 2-окуудан өттү

Мажилистин жалпы жыйынында чет элдик жарандарга жерди берүүгө тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

«Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына жер мамилелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Президент Касым-Жомарт Токаевдин мыйзам чыгаруу демилгеси менен даярдалды. Жыйында сөз сүйлөгөн Агрардык маселелер боюнча комитеттин катчысы Берик Оспанов буга чейин кызыктар бийлик органдарынын, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топтун 3 отуруму жана комитеттин 2 кеңейтилген жыйыны өткөндүгүн билдирди.

Берик Оспанов, депутат, Агрардык маселелер боюнча комитеттин катчысы:

- Мыйзам долбоору 5 мыйзам актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт жана чет өлкөлүк жерди пайдалануучуларга, Казакстан Республикасынын чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактарга, ошондой эле, жеке менчик укугу жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу укугуна ээ мекендештерге ээлик кылууга тыюу салат. Мыйзам долбоору палата тарабынан ушул жылдын чын куран айынын 7де биринчи окууда жактырылган. Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар мыйзам долбоорунун максаттарын бекемдөөгө багытталган түзөтүүлөрдү киргизишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков