Сенат ата мекендик туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыйзамды кабыл алды

Сенат ата мекендик туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыйзамды кабыл алды

Казакстанда артыкчылыкка ээ туристтик аймак түшүнүгү киргизилет. Сенат туризмди стимулдаштырууга багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды. Өзгөчө аймак ресурстарды туризмди өнүктүрүү дарамети чоң жерлерге кошуу максатында курулат. Анда тармакка инвестиция салган инвесторлор үчүн бир катар жеңилдиктер жана казакстандыктардын өлкөдө эс алуусун илгерилетүү чаралары каралган. Ошондой эле, мыйзамда чет элдик конокторго байланыштуу туристтик төлөмдөр системасын киргизүү көздөлгөн. Бул чараларды ишке ашыруу экономикага бюджеттин кошумча киреше түрүндө 135 миллиард теңге тартууга, 170 миңден ашык жумушчу орундарын түзүүгө жана кеминде 1000 долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Эң башкысы өлкөгө туристтердин агымын көбөйтүү максатында укуктук шарттар түзүлөт.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Өлкөдө эң маанилүү максаттардын бири - туризмди өнүктүрүү. Бүгүн кабыл алынган мыйзам бул жаатта комплекстүү мыйзам базасын калыптандырат. Ага ылайык, каржылык колдоо механизмдеринин чөйрөсү кеңейтилет. Алардын катарында инвестициялык жеңилдиктер, туризм кызматын стимулдаштыруу, чет өлкөлүк туристтерди алып келген туроператорлордун чыгымдарын субсидиялоо сыяктуу артыкчылыктар бар. Алдыдагы убакытта бул мыйзам өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө өз салымын кошот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков