Түрк Кеңешинин саммити видео конференция форматында өтөт

Түрк Кеңешинин саммити видео конференция форматында өтөт

Жалган куран айынын 31де Түркестан шаарында өтө турган Түрк Кеңешинин бейрасмий саммити видео конференция форматында өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Казакстан тарап мындай чечимди эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгына расмий түрдө кабарланды. Мурда маалымдалгандай, саммитке мүчө мамлекеттердин башчылары жана уюмдун байкоочусу, Венгриянын премьер-министри катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков