Президенттин катышуусу менен Улуттук коомдук кеңештин жыйыны өттү

Президенттин катышуусу менен Улуттук коомдук кеңештин жыйыны өттү

Мамлекеттик кызматта кош жарандыгы бар адамдарга орун жок. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Улуттук коомдук ишеним кеңешинде билдирди. Мамлекет башчысы эки өлкө жарандыгын алгандардын иши боюнча тезинен иш алып барууну тапшырды. Ошондой эле, Президент айыл чарба багытындагы жерлерди чет элдиктерге сатууга жана ижарага берүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынгандыгын баса белгиледи. Жакын арада президенттик администрация тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Мындан тышкары, жер реформасы боюнча комиссия түзүлөт.

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

 - Биринчи кезекте, чет элдиктерге жана чет элдик юридикалык жактарга айыл чарба жерлерин сатууга, ижарага берүүгө мыйзам түрүндө тыюу салууну тапшырам. Бул чет элдиктердин акциялары бар юридикалык жактарга дагы тиешелүү. Мен муну Президенттин мыйзам чыгаруу демилгеси аркылуу тез арада жүзөгө ашыруу керек деп чечтим. Президент Администрациясы дал ушул маселеге байланыштуу тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгышы керек. Экинчиден, бир айдын ичинде жер реформасы боюнча комиссия түзүп, жалган куран айынын 25 ишке киришүүнү тапшырам. Комиссиянын курамына агрардык тармактын кадыр-барктуу өкүлдөрү жана жер маселелерин жакшы билген серепчилер кириши керек. Үчүнчүдөн, өкмөткө ушул жылдын аяк оона айынын аягына чейин жер реформасынын негизги маселелери боюнча комплекстүү келишим түзүүнү тапшырам. Төртүнчүдөн, комиссиянын ишинин ар бир баскычы жана андагы сунуш кылынган чаралар тууралуу коомчулукка дайыма маалымат берилип турушу керек.