Германияда Казакстан дипломатиясынын 30 жылдыгына арналган флешмоб өттү

Германияда Казакстан дипломатиясынын 30 жылдыгына арналган флешмоб өттү

Казакстандын Германиядагы дипломатиялык кызматынын 30 жылдыгына арналган атайын флешмоб. Казак дипломаттары өзгөчө датага карата Берлиндин борбордук көчөлөрүндө массалык чуркоо уюштурушту. Ага Казакстандын элчилигинин кызматкерлери жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Максаты - көп тараптуу мамилелерди чыңдоо. Бул өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыты болуп саналат. Акыркы 30 жылда Казакстан дүйнөнүн 186 өлкөсү менен дипломатиялык мамиле орнотту. Ата мекендик элчилер күн сайын өнөктөш өлкөлөр жана чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташууну бекемдөө үчүн иштешет. Катышуучулардын айтымында, мындай акция өлкө үчүн иштеп жаткан учурдагы сергек жашоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө шарт түзөт.

Мейрам Жумагулов, Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаменти башкармалыгынын башчысы

- Тышкы саясат - мамлекеттик кызматтын маанилүү багыттарынын бири. Анткени дипломаттардын жасаган иштеринин аркасында Казакстандын дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен байланышы түзүлөт. Быйыл ата мекендик дипломатиялык кызматка 30 жыл толду. Чындыгында спорт дипломаттардын эле эмес, ар бир адамдын жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Спорт дипломатиясы деген түшүнүктү көптөн бери угуп келе жатабыз. Башкача айтканда, алар ар дайым ынтымакта болуп келишет. Дегеле спорт элди бириктирүүгө кызмат кылып келген. Ал тынчтыктын элчиси деп эсептелет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков