Чет элдик талдоочунун Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга пикири

Чет элдик талдоочунун Казакстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга пикири

Президент өз кайрылуусунда мамлекеттик башкаруу системасын децентралдаштыруу маселесине артыкчылык берди. Бул процессти тереңдетпесе, саясий модернизацияны ийгиликтүү жүргүзүп, жарандык коомду өнүктүрүү мүмкүн эмес. Касым-Жомарт Токаевдин көп жылдардан бери келе жаткан бул көйгөйгө артыкчылык берүүсү өлкөнүн келечеги үчүн өтө зарыл кадам - дейт америкалык талдоочу Фредерик Старр. Президенттин кайрылуусунда өз алдынча башкаруунун күчтүү системасын калыптандыруу үчүн конкреттүү чечимге келип, билек түрө киришкенин кубаттайм  - деди ал.

Фредерик Старр, Вашингтондогу Борбордук Азия институтунун негиздөөчүсү:

- Президент мамлекеттин жакынкы айлардагы гана эмес, көп жылдардагы өнүгүүсү тууралуу кеңири айтты. Биринчиден, ал көз карандысыз сот системасына артыкчылык берип жатканына көңүл бургум келет. Ансыз светтик мамлекетти элестетүү мүмкүн эмес. Андан соң парламенттин ролуна, депутаттарды шайлоого артыкчылык берилди. Бул кадамдар Казакстандын жаңы муун өкүлдөрүнөн чыккан саясий лидерлерге жол ачат - деп ишенем. Аларга жаңы мүмкүнчүлүк ачылганын байкайм.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков