Мажилис ЕАЭБ мамлекеттери арасында накталай акчаны жүгүртүү документин кабыл алды

Мажилис ЕАЭБ мамлекеттери арасында накталай акчаны жүгүртүү документин кабыл алды

Мажилисте Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акчаларды өткөрүүдө кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды. Белгилей кетсек, бул макулдашууга 2021-жылдын теке айынын 20да Москва шаарында кол коюлган. Төмөнкү палатанын депутаттарына документти тааныштырып жатып, вице-премьер-министр – каржы министри Ерулан Жамаубаев макулдашуунун негизги максаты – жеке жактардын накталай акча каражаттарын Евразия экономикалык биримдигинен чет өлкөгө өткөрүү боюнча маалымат алмашуу болуп саналаарын билдирди.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын каржы министри:

- Маалыматтык өз ара аракеттенүү ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин ыйгарым укуктуу укук коргоо жана бажы органдарынын экинчи мүчө мамлекеттин жооптуу органына суроо-талаптары боюнча ишке ашырылат. Алмашуу жүргүнчүлөрдүн бажы жана товарлардын декларацияларында жеке жактар ​​тарабынан билдирилген маалыматтарды берүү жолу менен аткарылат. Өз ара аракеттенүүнүн тартиби суроо-талаптын мазмунун, аны аткаруу мөөнөттөрүн, ага кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарын, ошондой эле суроо-талапты аткаруудан баш тартуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу шарттар каралат.

Буга кошумча, Ерулан Жамаубаев келишимде өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу алкагында алынган маалыматтардын купуялуулугу аны коргоо, сактоо жана жок кылуу тууралуу нормалар каралганын кошумчалады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков