Парламент Конституцияга өзгөртүүлөрдү кабыл алды

Парламент Конституцияга өзгөртүүлөрдү кабыл алды

Парламенттин депутаттары эки палатанын биргелешкен жыйынында өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү кабыл алышты. Мыйзам долбоорунда президенттин мандатына кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү жок жети жылдык мөөнөткө бир жолку шайлоо эрежеси камтылган. Депутаттардын айтымында, бул бийликти монополиялоо коркунучун азайтып, өлкөдөгү саясий туруктуулукту бекемдейт. Дагы бир түзөтүү өлкөнүн Конституциясынын президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жана анын кайра шайланышын чектөөгө карата жоболорунун өзгөрбөстүгүн көздөйт. Ошентип, келечекте бул норма баш мыйзамдын  ажырагыс бөлүгү болуп калат жана ал кайра каралбай турган болот. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда борбордун атын Нур-Султандан Астанага алмаштыруу каралган. Конституциялык соттун судьяларын кайра дайындоого чектөө коюлуп, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 8 жылга чейин узартылды. Документ мамлекет башчысына кол коюуга жөнөтүлдү.

Ерлан Кошанов,  Парламент Мажилисинин төрагасы

- Бүгүн мамлекетибиздин келечегин аныктай турган түзүлүштү жаңыча калыптандырган абдан маанилүү чечим кабыл алдык. Казакстан жаңы саясий доорго баратат. Ошол узак жолдун алгачкы кадамын таштадык. Ага чейин жалпы элдик референдумда кабыл алынган конституциялык реформа саясий кайра жаралууга негиз салган. Ал эми бүгүнкү чечим аларга чекит коюп, өлкөнүн жаңы саясий моделге өтүүсүнө жол ачат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков