Президент Самаркандда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

Президент Самаркандда өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Самаркандда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Белгилей кетсек, Өзбекстанга 15 өлкөнүн лидерлери келет, алардын сегизи ШКУнун туруктуу мүчөлөрү, калгандары байкоочу мамлекеттердин башчылары жана чакырылган коноктор. Самарканд саммитинин алкагында уюмдун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле анын курамын кеңейтүү боюнча маанилүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө. Тактап айтканда, саммиттин Дүйшөмбүдө өткөн жыйынында Иранды ШКУга толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу жараянын баштоо чечими кабыл алынган. Алар биргелешкен жыйында бул макамды жигердештирүү ниетинде. Бүгүнкү күндө, ислам республикасы дагы эле байкоочу өлкө макамына ээ. Айта кетсек, мындай статусту жакында Беларус ала алат.

Чжан Мин,    Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы

- Көптөгөн мамлекеттер Шанхай кызматташтык уюмуна кирүүгө кызыктар жана каалоолорун билдиришти. Кандай макамга ээ болгону маанилүү эмес. Бул жагынан биз ар дайым ачык-айкындыгыбызды көрсөтүп, мындай каалоону кубаттайбыз.

Саммитте карала турган негизги темалардын арасында санкциялардын уюм мүчөлөрүнө тийгизген таасири, коопсуздук маселелери да бар.

Чжан Мин,    Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы

- Дүйнөдөгү азыркы кырдаалдын фонунда биз сырттан жана уюмубуздун ичиндеги коркунучтарга каршы турууга туура келет. Сыртынан караганда бул эл аралык геосаясий өзгөрүүлөр. Алар азык-түлүк, энергетика жана маалымат коопсуздугуна, климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизген жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүктөр.

Ал арада эл аралык талдоочулар Самарканд саммити мамлекеттердин кызматташтыгынын жаңы барагын ачып, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берет -деген пикирлерин айтышууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков