Парламент палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт

Парламент палаталарынын биргелешкен жыйыны өтөт

Парламент палаталарынын кошмо жыйынын чакыруу жөнүндө жарлыкка Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов кол койду. Жыйын аяк оона айынын 16да өтөт. Эл шайлаган өкүлдөр Конституцияга президенттин ыйгарым укуктарын 7 жылдык бир мөөнөт менен чектөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш бериши керек. Эске сала кетсек, кечээ республиканын Конституциялык кеңеши Касым-Жомарт Токаевдин “Казакстан Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун  91-беренесинин 2-пунктуна ылайык келишин текшерүү боюнча кайрылуусун карап, чечим кабыл алынган. Буга байланыштуу Конституциялык кеңешме мыйзам долбоорун белгиленген талаптарга ылайык - деп таап, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Казакстандын укуктук саясатына карама-каршы келбестигин тааныган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков