Германияда G7 мамлекеттеринин саммити өтүүдө

Германияда G7 мамлекеттеринин саммити өтүүдө

Германияда чоң жетиликтин саммити өтүүдө. Ага мүчө өлкөлөрдүн лидерлери, ошондой эле Евробиримдиктин жетекчилиги катышууда. Саммитте бир нече темалар талкууланат. Айрыкча, энергетика жана азык-түлүктүн кымбатташы, глобалдык ачарчылык коркунучу, климаттын өзгөрүшү, Украинадагы куралдуу кагылышуу кеңири талкууга алынат.

Олаф Шольц, Германия Канцлери:

- Чоң жетилик өлкөлөрүн экономикалык төмөндөө, инфляциянын өсүшү, чийки заттын жетишсиздиги жана глобалдык логистикадагы үзгүлтүктөр сыяктуу бир катар маселелер тынчсыздандырууда. Маселелерди чечүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлөт деп ишенем.

Ошондой эле, Чоң жетиликтин лидерлери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө сапаттуу жана туруктуу инфраструктураны куруу үчүн беш жылдык инвестициялык программаны ишке киргизүүнү макулдашты. Бул үчүн 600 миллиард доллар бөлүү пландалууда. Америка Кошмо Штаттары талап кылынган чыгымдардын үчтөн бир бөлүгүн жабууга убада берди.

Джо Байден, АКШ Президенти:

- Биз дүйнөлүк инфраструктураны жана инвестицияны өнүктүрүү программасын баштадык. Азыркы мезгилде дүйнө жүзү боюнча ондогон ири долбоорлорубуз бар. Ага АКШ алдыдагы беш жылда 200 миллиард доллар бөлөт. Бул жардам же кайрымдуулук иш эмес. Бул бардык тараптарга пайда алып келе турган инвестиция.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков