К. Токаев ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун мүдүрү Матео Мекаччини кабыл алды

К. Токаев ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун мүдүрү Матео Мекаччини кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун мүдүрү Матео Мекаччини кабыл алды. Тараптар демократияны, адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн өнүктүрүү жаатында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты. Президент Казакстандагы адам укуктары боюнча комиссары менен бюронун ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду колдоду. Ошондой эле, мамлекет башчысы жаңы Казакстанды түзүүгө багытталган масштабдуу реформалардын негизги максаттарын жана милдеттерин белгиледи. Өз сөзүндө Матео Мекаччи Казакстан менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков