Сенат референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун түзөтүүлөр менен Мажилиске кайтарды

Сенат референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун түзөтүүлөр менен Мажилиске кайтарды

Сенат «Республикалык референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу конституциялык мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү киргизип, аны Мажилиске кайтарды. Документтин мурунку нускасына ылайык, Туңгуч Президенттин макамына байланышкан маселелер республикалык референдумдун предмети боло албайт. Эми Сенаттын редакциясында бул жобо «Мамлекеттин көз карандысыздыгы, Республиканын жана аймактын бүтүндүгүн, анын башкаруу формасын өзгөртүү, Республиканын ишинин негизги принциптерин өзгөртүү» деген маселелер референдумдун предмети боло албасын белгилейт.

Ляззат Сүлеймен, Парламент сенатынын депутаты:

- Мажилисте Референдум жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Башкача айтканда, биринчи президенттин макамы референдумга коюлбайт деп үчүнчү бапта айтылган. Ал эми калган нормалары өзгөрүүсүз калат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Шавкат Утемисов алдыдагы референдумда казакстандыктардын добуш берүү эрежелерин түшүндүрдү. Өнөктүк салттуу форматта өтөт. Болгону жашоочулар өздөрү катталган шайлоо участогуна келип, бюллетенди толтурушу керек.

Шавкат Утемисов, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:

- Референдумда элдин 50 пайызы мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдосо, анда толуктоолор киргизилет. Азыр иш башталды. Биздин өзүбүздүн жана башка эл аралык байкоочулар референдумга катышууга кызыктар. Эл аралык байкоочулар өздөрү каалаган участкага барып, иштин жүрүшүнө көз салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков