Эксперттер К. Токаевдин жаңы демилгелери жөнүндө

Касым-Жомарт Токаевдин жаңы демилгелери казакстандыктардын конституциялык укуктарын чыңдоо жана коргоо үчүн зор мааниге ээ. Алардын бардыгы «уга билген мамлекет» концепциясын өнүктүрөт. Жаңы реформалар топтомундагы Президент Касым-Жомарт Токаев жарыялаган маанилүү пункттар тууралуу саясат таануучу Марат Башимов айтып берди. Анын айтымында, президент Омбудсмен жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алуунун зарылдыгын адилеттүү түрдө көрсөттү, ошондой эле, адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу аппаратты чыңдоого өз убагында тапшырма берген. Бул чаралар эң биринчи кезекте адам укугун коргоонун институттук механизмдерин бекемдөөгө мүмкүндүк түзөт. Мындан тышкары, онлайн-петицияларды мыйзамдык тариздөө – мамлекет менен жарандык коомдун бирге аракеттенүүсүн жөнөкөйлөткөн дагы бир өңүт болуп калмакчы.  

МАРАТ БАШИМОВ, ЕВРОПАЛЫК УКУК ЖАНА АДАМ УКУГУ ЭКСПЕРТТИК ИНСТИТУТУНУН ДИРЕКТОРУ:

 - Президенттин демилгелери биздин мамлекет үчүн көлөмдүү, олуттуу, маанилүү, эң биринчиден биздин жарандардын конституциялык укуктарынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өтө зарыл. Эгерде демилгелер боюнча карап көрсөк, алар ар кандай укуктарга, жекече, саясий, социалдык-экономикалык, маданий укуктарга таандык, бирок ошону менен бирге алар адамга түз багытталган. Кийинки маанилүү өңүт бул - натыйжалуулукту күчтөнтүүгө байланышкан демократиялык реформаларды улантуу, атап айтканда, цивилизациялык өлкөлөрдөгүдөй жана БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сунуштаган Омбудсмен институту деп аталган демилгени колго алуу. Ал бардык чөйрөдө бар, башкача айтканда, бул укук коргоочу механизм Конституция жана жогорку юридикалык күчү бар мыйзам актылары менен гана жөнгө салынат.