Касым-Жомарт Токаев: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу улуттук референдум өткөрүүнү сунуштайм

Касым-Жомарт Токаев: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө байланыштуу улуттук референдум өткөрүүнү сунуштайм

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча республикалык референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу президент Казакстан Элдери Ассамблеясынын XXXI сессиясында маалымдады. «Референдум ар бир жаранга өлкөнүн тагдырын чечүүгө түздөн-түз катышууга жана ар тараптуу демократиялаштыруу жана жаңы Казакстанды түзүү жолунда биздин багытыбызды бекемдөөгө мүмкүндүк берет», - деди президент. Мамлекет башчысынын айтымында, жумушчу топ Конституциянын 33-беренесине өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан. Бул жалпы Конституциянын үчтөн бир бөлүгү. Аталган өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору Конституциялык кеңешменин кароосуна жөнөтүлдү. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев жаңы диалог аянтчасынын биринчи жыйыны – «Улуттук Курултай» келерки айда өтөөрүн билдирди. Бул жолугушуу өлкөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн коомчулукту тартууга багытталган. Курултайдын курамына депутаттар, Казакстан Элдери Ассамблеясынын мүчөлөрү, серепчилер жана укук коргоочулар, бардык облустардын өкүлдөрү, ошондой эле Жарандык альянс, коомдук кеңештер, бейөкмөт уюмдар, бизнес-коомчулук жана өндүрүш чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Мындан тышкары, президент Ассамблеянын алдында этномедиация окуу борборун түзүүнү тапшырды. Анда үзгүлтүксүз окуу курстарын уюштуруп, райондук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү даярдыктан өтүүгө тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков