Президент КЭАнын атынан сунушталган депутатка добуш берди

Президент КЭАнын атынан сунушталган депутатка добуш берди

Мамлекет башчысы Казакстан элинин ассамблеясы көрсөткөн Мажилиске депутаттарды шайлоого катышты. Андан соң президент талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү менен сүйлөштү. Ал белгилегендей, бул Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөргө байланыштуу мындай форматтагы акыркы шайлоо болуп саналат. Бирок Казакстан эли ассамблеясынын тиешелүү орундары биздин парламентте сакталып калат - деди Касым-Жомарт Токаев. Эске сала кетсек, буга чейин президент өз кайрылуусунда Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ошол эле учурда Ассамблеянын квотасы Мажилистен Сенатка өтүп, депутаттардын саны 9дан 5ке кыскарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков