Сенат биологиялык коопсуздук тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Сенат биологиялык коопсуздук тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Сенат биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Белгилей кетсек, документ мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Дүйнөдө коронавирус инфекциясы жайылып жаткан учурда өлкөдө биологиялык коопсуздук жаатында системалуу көйгөйлөр бар экендиги байкалды. Буга байланыштуу президент биокоопсуздук системасын күчөтүү зарылдыгын көтөрдү. Мыйзам долбоорун Сенаттын бүгүнкү жыйынында сунуштап жатып, саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният аны иштеп чыгуу министрликтин 13 кызыкдар мамлекеттик органынын, жергиликтүү аткаруу органдарынын жана илимий-практикалык уюмдардын катышуусунда ишке ашырылганын билдирди. Мыйзам долбоорунун негизги максаты биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо, алдын алуу жана профилактикалоо.

Министр ошондой эле документтин негизинде ар бир ыктымал коркунуч үчүн өзгөчө көңүл буруунун сценарийлери иштелип чыгаарын билдирди. Анда мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын иш-аракеттеринин алгоритмдерин, өзгөчө кырдаалдарда алардын мекемелер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритмдери түзүлөт.

Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министри:

- Өтө кооптуу оору козгогучтары менен иштөөгө даярдалган квалификациялуу адистердин резерви түзүлөт, зарыл болгон учурда алар абдан кооптуу илдет козгогучтар менен иштөөгө тартылат. Патогендик биоагенттер менен иштеген объектилердин материалдык-техникалык жабдылышы эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылат. Илимий-техникалык дараметти жана ресурстарды мамлекеттик колдоо чараларын күчөтүү мерчемделүүдө. Мындан сырткары, кадрларды сактоо жана чыңдоо боюнча да шыктандыруу чаралары каралган.

Негизги мыйзам долбоору 8 пунктан жана 32 беренеден турат. Анын алты айлык өткөөл мезгили жана патогендик биоагенттер менен иштөөгө уруксат берүү жана кайра тариздөө үчүн кошумча 6 ай керектелет. Белгилей кетсек, палатанын пленардык жыйынында «Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына биологиялык коопсуздук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» коштоочу документ эки окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору 3 кодекс менен 11 мыйзамды кошо алганда, 14 мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков