Өкмөт алдындагы комиссиялардын саны кыскартылат

Өкмөт алдындагы комиссиялардын саны кыскартылат

Өкмөттүн алдындагы комиссиялардын саны 70тен 25ке кыскартылды. Бул тууралуу мамлекеттик аппараттагы бюрократизмди жоюу боюнча жыйында айтылды. Ушундай эле иштер министрликтерде да жүргүзүлүп жатат. Документтерди кароо мөөнөтүн эки эсе кыскарта турган, ошондой эле норма чыгаруу жараянын кайра түзгөн Өкмөттүн жаңы регламенти иштелип чыгууда. Документ жакын арада бекитилет. Жыйында өкмөт башчылыгынын учурдагы тапшырмалары текшерилип жатканы айтылды. Маанисиз жана кайталанган бардык тапшырмалар алынып салынат. Ошондой эле, «Электрондук арыз» маалымат тутумунун базасында мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылуу боюнча сунуштарды чогултуучу онлайн-ресурс түзүлөт. Айта кетсек, бюрократизмди жоюу боюнча 30дан ашык иш-чарадан турган план ишке ашырылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков