К. Токаев «Nur Otan» партиясынын төрагасы болуп шайланды

К. Токаев «Nur Otan» партиясынын төрагасы болуп шайланды

Касым-Жомарт Токаев «Nur Otan» партиясынын төрагалыгына шайланды. Партия мүчөлөрү президенттин талапкерлигин бир добуштан колдошту. Партиянын кезексиз курултайына 400дөй делегат катышты. Өткөн жылы өкмөттүн «Nur Otan» партиясынын шайлоо программасы 74% аткарылган. Партиянын жашоо-турмушу шайлоо программасында айтылган убадалардын аткарылышынан көз каранды экенин белгилеген президент «Элге убадаларды үймөктөштүн кереги жок» деди. Касым-Жомарт Токаев өкмөт жана акимчиликтер менен биргеликте шайлоо программасында камтылган милдеттердин аткарылышын кайра карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы жаңжалга катышып, учурда тергөө жүрүп жаткандардын иши боюнча комментарий берди. Президент тергөөнү жеке көзөмөлүнө алат.

Мамлекет башчысы: «Бийлик тарабынан кылмышкерлерди аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул иш мыйзам чегинде гана жүргүзүлөөрүндө шек жок. Баары Башкы прокуратура жана менин жеке көзөмөлүмдө болот. Биз адам укуктарын сакташыбыз керек», - деп белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков