Ш. Лепсибаев: «Казакстан элине» фонду калктын жыргалчылыгы үчүн

Ш. Лепсибаев: «Казакстан элине» фонду калктын жыргалчылыгы үчүн

Маалым болгондой, үчтүн айынын окуясынан кийин президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен өлкөдө Казакстан эли үчүн коомдук социалдык фонду түзүлгөн. Фонддун негизги милдети – калктын аярлуу катмарына бардык багыттар боюнча жардам көрсөтүү. Каржылоо жеке булактар, эл аралык кайрымдуулук уюмдары, ошондой эле ири бизнес өкүлдөрү тарабынан камсыздалат. Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлердин бир күндүк маянасы фондго которулуп жатканын байкоого болот. Ата мекендик серепчи Чыңгыз Лепсибаевдин айтымында, фонддун түзүлгөндүгүнүн негизги максаты менен милдеттери такыр башка. Карапайым эл ага акча жөнөтүү үчүн эмес, тескерисинче жардам алууга тийиш.

Чыңгыз Лепсибаев, серепчи:

- Фонд түзүү идеясы мыкты. Бул коомдун суроосуна жооп. Президент айткандай, бизде белгилүү олигархтардын тобу пайда болгон. Алар эл аралык стандарттар боюнча да абдан бай. Чындыгында ошондой. Негизи фонд эмне үчүн түзүлдү? Ашыкча кирешени муктаждардын пайдасына бөлүп берүү үчүн. Социалдык муктаждыктарды чечүү жана аларга жеткиликтүүлүк үчүн платформа түзүү. Анан акыры эмне болду? Кээ бир акимчиликтер, аткаруу бийлик органдары совет доорунда жашап жаткандай, өз ишин аткаруунун ордуна, бир күндүк маянасын которуп жатышат. Мындай аракеттер лениндик ишембилик сыяктуу.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө «Казакстан калкына» социалдык фондуна 6519 казакстандыктан 10 миллион теңгеден ашык каражат жана ишкерлерден 12 миллиард теңгеден ашык каражат түшкөн. Буга чейин аталган фонддун жетекчиси болуп Болат Жамишев дайындалганы маалымдалган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков