Серепчилер: Элдик парламенттик шайлоо – өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаңы этап

Парламенттин жаңыланган курамы өлкөдөгү социалдык-экономикалык реформаларды камсыз кылуу боюнча инновациялык чечимдерди издөөгө багытталат. Серепчилердин акыркы шайлоодон кийинки болжолдогон өзгөрүүлөрү жөнүндө дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун өкүлү Ерлан Мадиев айтып берди. Саясат таануучу бул жараянда мыйзам чыгаруу тутумуна, тактап айтканда, элдин ишениминин жаңыланган мандатын алган депутаттарга өзгөчө роль жүктөлөрүнө ишенет. Бул жерде парламентте жаштардын жана аялдардын көбүрөөк болушу маанилүү фактор болуп саналат.

ЕРЛАН МАДИЕВ, НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ФОНДУ АЛДЫНДАГЫ АЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

 - Парламенттин депутаттарынын алдында каатчылыкка каршы саясаттын артыкчылыктуу багыттары тарабынан коюлган жаңы милдеттер турат. Мыйзам чыгаруу органынын жалпы иши жакшырат. Башкача айтканда, Президенттин өткөн жылдагы Кайрылуусунда белгиленген тапшырмалар, анын ичинде аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы жоопкерчиликти тең салмакташтыруу зарылчылыгы турат. Анткени карантин мезгилинде укуктук тутумдун чабалдыгы жумушка бир топ тоскоолдуктарды жаратканы  жашыруун эмес.