Сенат тышкы жарнамаларды казак тилинде туура жазууга байланыштуу мыйзам долбоорун Мажилиске кайтарды

Сенат тышкы жарнамаларды казак тилинде туура жазууга байланыштуу мыйзам долбоорун Мажилиске кайтарды

Бүгүн Сенаттын жалпы жыйынында Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына визуалдык маалымат жана диний ишмердик маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору эки окууда каралып, тиешелүү түзөтүүлөр киргизилгенден кийин Мажилиске кайтарылды. Мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу депутаттарга билим берүү жана илим министри Асхат Аймаганбетов тааныштырды. Мыйзам долбоорунун максаты – реквизиттердин жана визуалдык маалыматтын текстин орфографиялык эрежелерге ылайык жана түп нускадан тайбай жазуу болуп саналат.

Асхат Аймаганбетов, РКнын Билим берүү жана илим министри:

- Сунушталган түзөтүүлөрдүн негизги маселелерине келсек, долбоордо өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктеринин физика-географиялык объектилеринин аталыштарын жазуу боюнча атайын эрежелер каралган. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, орус тилинде же башка тилдердеги калктуу конуштардын аталыштарынын жазылышы өзгөрүүсүз бойдон калат. Мисалы, Мичурина айылы ошол эле нускада жазылат. Мичурин айылы деп эмес, мурдагыдай. Мисалы, Монастрская көчөсү азыркы убакытта Монстрь көчөсү деп биз аны которуп жаза турган болсок, анда мындан ары Монстрская айылы деп жазылат.

Муну менен катар, министр туристтер көп барбаган өлкөнүн казак тилдүү айыл аймактарында бир нече тилде «айланма жол» деген жазуулар бар экенин белгиледи. Мыйзам долбооруна ылайык, чакан айыл аймактарында мындай көрнөктөр казак тилинде гана коюлат. Бул эреже кулактандырууларга, жарнактарга, менюларга жана башка көрнөктүү маалымат булактарга да тиешелүү.

Асхат Аймаганбетов, РКнын Билим берүү жана илим министри:

- Бул өзгөртүүлөр азыркы мыйзам талап кылгандан кийин ишкерлерди муктаждык болбосо да, айла жоктон жарнаманы эки тилде берүүсүнө мажбур кылуудан куткарат деп айтууга болот. Ошондой эле, мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдин колдонулуш чөйрөсүн кеңейтүүгө жана маалыматтарга байланыштуу кемчиликтерди болтурбоого, анын алдын алууга өзүнүн таасирин тийгизет деп ойлойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков