К. Токаев: эл аралык суу-энергетикалык консорциум түзүү керек

К. Токаев: эл аралык суу-энергетикалык консорциум түзүү керек

Касым-Жомарт Токаев эл аралык суу-энергетикалык консорциум түзүү зарылдыгын Еврокеңештин президенти Шарль Мишель менен жолугушууда билдирди. Уюмдун ишмердүүлүгү региондогу өлкөлөрдүн гидроэнергетика, ирригация жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы маанилүү кызыкчылыктарын тең салмактоого багытталган. Буга байланыштуу президент европалык өнөктөштөрдү Казакстандын демилгесин ишке ашырууга салым кошууга чакырды. Эгемендүүлүк жылдарында Евробиримдик өлкөгө 160 миллиард доллар инвестиция салган. Биримдик өлкөлөрү Казакстан менен мындан аркы инвестициялык кызматташууну улантууга кызыкдар.

Бернд Ланге, Евро парламенттин соода боюнча комитетинин төрагасы:

- Казакстандын Борбор Азиядагы ролу абдан маанилүү. Айрыкча, аймактагы стабилдүүлүктү сактоодо сиздердин өлкөнүн аймактагы ролу дагы айкын болот. Ал тургай пандемия учурунда да Казакстан Европа Биримдигинин аймактагы маанилүү соода өнөктөшү бойдон калды. Эми жаңы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун учуру келди деп эсептейбиз.

Бельгия менен Казакстан коронавирустун пандемиясына каршы күрөшүүдө кызматташууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Касым Жомарт Токаевдин премьер-министр Александр Де Кро менен жолугушуусунда белгилүү болду. Казакстандын президенти атамекендик QazBioPharm улуттук холдинги менен Бельгиянын биофармацевтикалык платформасынын ортосунда кызматташууну түзүүнү сунуштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков