Нур-Султанда Эл аралык парламенттик конференция өттү

Нур-Султанда Эл аралык парламенттик конференция өттү

«Эл Башы. Көз карандысыздык. Парламент». Борбор калаада ушундай аталыштагы эл аралык парламенттик конференция өттү. Бул ирет салтка айланган жолугушуу өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналды. Иш-чарага Словакия, Орусия, Өзбекстан жана Азербайжандан келген парламент төрагалары жана эл аралык уюмдардын серепчилери катышты. Жыйындын меймандары Казакстандын чейрек кылымдан ашык убакыт ичинде басып өткөн жолу менен жетишкен ийгиликтерин жогору баалашты. Ошол эле учурда, Биринчи Президенттин күн тартибиндеги өзөктүү маселелерди ички гана эмес, тышкы саясатта да актуалдуу көтөрө билгендиги маанилүү ролго ээ, дешет алар.

Рышард Чарнецкий, Европа парламентинин депутаты:

- Нурсултан Назарбаев конкреттүү программаларды сунуштап, тынчтык демилгелерин көтөрүү менен Казакстандын эл аралык аренадагы бийик ордун камсыз кылды. Мунун аркасында Казакстандын кандай дарамети бар экенин бүт дүйнө билди. Эң негизгиси, ал Казакстандын бул ачылышын АКШ, Кытай жана Орусия сыяктуу бардык ири эл аралык оюнчуларга жеткирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков