Н. Назарбаев «Чоң Евразия» төрт тараптуу экономикалык форумун түзүүнү сунуштады

Н. Назарбаев «Чоң Евразия» төрт тараптуу экономикалык форумун түзүүнү сунуштады

Планетага ар кандай коркунучтардын алдын алуу үчүн күчтөрдү бириктирүү зарыл. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев Астана клубунун алтынчы жыйынында билдирди. Эл башы ачык талкуулоо үчүн интеллектуалдык аянтча боюнча бир катар конкреттүү сунуштарды айтты. Алардын арасында Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу болгон маселелер да бар. Казакстандын Биринчи Президентинин айтымында, Алматыда Ислам мамлекетин реабилитациялоо боюнча эл аралык борбор түзүү идеясы актуалдуу болуп турат. Буга кошумча коронавирустун жайылуу коркунучу, дүйнөлүк державалардын ортосундагы чыр-чатактар жана өзөктүк куралсыздануу тууралуу кеп козголду.

Нурсултан Назарбаев, Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти, Эл Башы:

- Бул чөйрөдө биз Чоң Евразиянын кең мейкиндигин бириктирүү үчүн өз ара түшүнүшүүнүн жаңы пункттарын түзүүгө аракет кылып жатабыз. Эл аралык аренада өз орду бар биздин клубдун негизги миссиясы мына ушунда.

Евразия өлкөлөрү системалуу диалогго муктаж. Ал эми системалуу диалогду көптөн бери калыптанып калган эл аралык бирикмелер, анын ичинде үчүнчү өлкөлөр менен иштешкендер демилгечи боло алат.

Нурсултан Назарбаев, Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти, Эл Башы:

- Евразиялык экономикалык биримдик, Евробиримдик, Шанхай кызматташтык уюму жана Түрк мамлекеттери уюму ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүгө мезгил жетти. Ушуга байланыштуу мен төрт тараптуу Чоң Евразия экономикалык форумун түзүүнү сунуштайм, анда биздин өлкөлөр Евразиядагы кызматташуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, алдыга жылдыра алышат.

Ал эми ядролук куралсыздануу боюнча дүйнөлүк форумду өткөрүү талабы бар. Бүгүнкү күндө бул куралдардын жайылышына жол бербөөнүн так механизмин түзүү зарылчылыгы пайда болууда. Буга чейин Нурсултан Назарбаев деталдуу планды иштеп чыгууну сунуштаган. Мындан тышкары, Эл Башынын демилгеси менен түзүлгөн Глобалдык лидерлер альянсы да борбордук аянтча жана кыймылдаткыч күч болушу толук мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков