Казакстан адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болду

Казакстан адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болду

Казакстан 2022-2024-жылдарга БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстандын дүйнөлүк уюмдун башкы укук коргоо органына шайланышы анын адам укуктарын коргоо жаатында эл аралык нормаларды жана стандарттарды илгерилетүү жараянын жигердүү жана жоопкерчиликтүү катышуучусу катары ролун таануу болуп саналат. Мындан тышкары, республиканын кеңештеги ишинин артыкчылыктары аныкталды. Атап айтканда, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, өлүм жазасын алып салуу, адам укуктарын урматтоо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков