Казакстан гендердик теңчиликти коргоо тажрыйбасын тааныштырды

Казакстан гендердик теңчиликти коргоо тажрыйбасын тааныштырды

Алматыда Евразиялык гендердик теңчиликти изилдөө борборун түзүү. Мындай сунушту казак делегациясы Санкт-Петербургда өтүп жаткан 3-Евразиялык аялдар форумунда билдирди. Бул дүйнө жүзүндөгү аялдарга, кыз-келиндерге жана балдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет, дешет адистер.

Ляззат Рамазанова, Казакстандын Президенти Алдындагы Аялдар иштери жана үй-бүлөлүк демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын төрайымы

- Гендердик демилгелерди колдоо саясатында ырааттуулук жок. Билимибизди колдонуп, гендердик билим берүү боюнча Борбор Азия борборун түзүүгө убакыт келди. БУУнун регионалдык хабы катары Казакстан абдан жакшы аянтча боло алат. Мунун алкагында тажрыйбалуу адистерди тартууга болот.

Өлкөдө аялдар ар кандай тармактарда, мисалы, экономика, саясат, ошондой эле, социалдык тармактарда иш алып барышат. Ошол эле учурда, аялдар ИДӨнүн 40 пайызын түзөт. Чечимдерди кабыл алууда ишкер аялдардын үлүшү да бир топ жогорулады. Жергиликтүү бийликке шайланган аял -депутаттардын саны 30 пайыздык гендердик квота киргизилгенден бери эки эсеге көбөйдү. Өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлердин 60%ы аялдар.

Ольга Перепечина, Казакстандын Парламенти Сенатынын Каржы жана бюджет комитетинин төрайымы:

- Пандемия шартында биз аялдардын өзгөчө чоң ролун көрдүк, анткени аялдардын 80%дан ашыгы билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштешет. Алар бул оор мезгилде биздин ден соолугубузга жана балдарыбыздын билим алуусуна чоң жоопкерчилик менен карай билди. Мамлекет башчысынын колдоосу менен мыйзамдык колдоонун комплекстүү программасы социалдык кызматкерлердин эмгек акысын эки жарым эсе жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Ошондой эле, форумдун катышуучулары ооган аялдарынын тагдырына да көңүл бурушту. Алар Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирүүнү уюштуруу маселесин көтөрүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков