Казакстан Европа Кеңеши парламенттик сессиясына катышты

Казакстан Европа Кеңеши парламенттик сессиясына катышты

Казакстан Страсбург шаарында өткөн Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышты. Санитардык чектөөлөргө карабастан, өлкө абройлуу эл аралык уюм менен байланышын үзгөн жок. Казакстан Европанын бир катар структураларында активдүү байкоочу болуп, GRECO уюмунун мүчөсү болду. Бул - Европа Кеңешинин коррупцияга каршы күрөштөгү башкы органы болуп саналат.

Аскар Шакиров, РКнын Парламенти Сенаты төрагасынын орун басары:

- Европалык парламентарийлер Казакстандагы системалуу өзгөрүүлөрдү жогору баалашты. Президент Касым-Жомарт Токаевдин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө мындан аркы реформаларды жүргүзүү зарылдыгын жана мамлекеттин эффективдүүлүгүн, саясий жараяндардын ачык-айкындуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу зарылдыгын баса белгилеп кетти.

Казак делегациясы Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Президенти Рик Дампс, анын орун басарлары жана Ассамблея комитеттеринин жетекчилери менен жолугушту. Анда өлкөдөгү өлүм жазасын алып салуу, парламенттик оппозиция институтун киргизүү, партиялык структураны өнүктүрүү сыяктуу чаралар жөнүндө кеп козголду. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду. Европа Кеңеши Казакстандын Президентинин алар үчүн парламентте жана аткаруу бийлигинде квота бекитүү демилгесин жылуу кабыл алды.

Киммо Кильюнен, Европа Кеңеши Парламенттик Ассамблеясынын вице-президенти:

- Казакстан Европа Кеңешиндеги эң активдүү байкоочулардын бири. Ал адам укуктарын коргоо, демократия жана мыйзам үстөмдүгү сыяктуу маселелер боюнча биздин позициябызды колдойт. Бул биз үчүн орток маанилүү принциптер. Өлкөңүздү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.

Визиттин жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыктын алкагын кеңейтүү боюнча келишимге жетишилди жана Ассамблеянын өкүлдөрү быйыл Казакстанга баруу ниетин билдиришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков