Казакстан-Орусия: аймак аралык кызматташтык форуму

Казакстан-Орусия: аймак аралык кызматташтык форуму

Пандемия Казакстан менен Орусиянын ортосунда достук мамилелерге тоскоол боло алган жок. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 3,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышуусу менен онлайн режиминде өткөн аймактар аралык кызматташтыктын 17-форумунда билдирди. Белгилей кетсек, өлкөдө 7500дөн ашуун орусиялык компания ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын үч жарым миңге жакыны биргелешкен долбоорлор. Жалпысынан алганда, бул форумдун тарыхында ар кандай тармактарды камтыган өз ара пайдалуу келишимдер түзүлдү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бул мезгилде товар жүгүртүү 3,5 эсе өсүп, 19 миллиард долларга жетти. Акыркы 15 жылда Орусиядан келген түз инвестициянын көлөмү 16 миллиард доллардан ашты. Өз кезегинде казакстандыктардын Орусиядагы инвестицияларынын көлөмү болжол менен 4,5 миллиард долларды түздү. Бул олуттуу сумма. Биз экономиканын дээрлик бардык тармактарында, өнөр жайда, айыл чарбасында жана инфраструктурада өз ара кызматташтыкты орноттук. Ошондой эле акыркы жылдары эки тараптуу энергетикалык байланыштар өскөнүн белгилей кетүү керек.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 2060-жылга чейин Казакстан көмүртек бейтараптыгына жетишерин маалымдады. Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин өндүрүшкө таянгандыктан, эки өлкөнүн экологияны жана атмосфера тазалыгы үчүн биргелешип иштөө зарылдыгын белгиледи. 

Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:

- Орусия өзүнүн кыматкерлерине, анын ичинде казакстандык кесиптештерине атом электр станцияларын курууга жана иштетүүгө көмөктөшүү үчүн колдоого ар дайым даяр. Эгерде сиздер ушундай чечимдерди кабыл алган болсоңуздар. Бул жаатта орус конструкциясы бар атомдук электростанциясы жөнүндө гана эмес, комплекстүү индустрияны куруу жөнүндө да айтып жатам. Бул Орусиянын жогорку окуу жайларында атом энергиясын колдонууга байланыштуу жаңы адистиктерди даярдоону камтыйт.

Жапайы жаныбарлар үчүн эч кандай чектөө да, чек арада жок. Андыктан форумдун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана биргеликте коргоо ниеттерин билдиришти. Мисалы, мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кийиктердин сезондук кыймылына чек арачылар чектөө койбой, ээн-эркин өткөрүүнү камсыз кылууну сунуштады. Буга кошумча, эки өлкөдө тең Кызыл китепке кирип жок болуп бараткан Каспий тюленин коргоо үчүн деңизде мамлекеттик коруктарды түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, чек арадагы улуттук жаратылыш парктарын жакшыртуу жана туризм жаатында тыгыз байланыш түзүү чаралары макулдашылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков