Казакстандын ТИМ жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышты

Казакстандын ТИМ жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Казакстандын Тышкы иштер министри бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларга катышты. Мухтар Тлеуберди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Борбор Азия мамлекеттеринин катышуусу менен болгон атайын жолугушууда Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу, климаттык каатчылыкка каршы күрөш жана коронавируска каршы биргелешип күрөшүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады. Ошондой эле, казак делегациясы Молдова, Румыния, Бахрейн жана Шри –Ланка мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Министр бир катар эл аралык жана америкалык бизнес өкүлдөрү менен Казакстанда ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча пикир алмашты.

Джули Монако, City Group башкаруучу мүдүрү:

- Биз 25 жылдан бери Казакстан рыногундабыз. Ал эми өзүбүздү Казакстандагы эң ири инвесторлордун бири деп айта алабыз. Алдыдагы убакытта каржы институттары менен жергиликтүү компанияларды инвестициялоону колдоону улантабыз. Менимче, чет өлкөлүк инвесторлор Казакстан менен иштешүүгө абдан кызыкдар болууда. Бул үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Коронавирус пандемиясына карабастан, сиздердин экономика токтоп калган жок. Бул дагы анын бир далили.

Которгон: Илгиз Жамалбеков