Касым-Жомарт Токаев БУУнун азык-түлүк системасы боюнча саммитинде сөз сүйлөдү

Касым-Жомарт Токаев БУУнун азык-түлүк системасы боюнча саммитинде сөз сүйлөдү

Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк жеткирүүнүн жигердүү катышуучусу жана өлкө айыл чарба секторунун жашылдандыруу жана туруктуу өнүгүүсүн колдойт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев БУУнун азык-түлүк системалары боюнча саммитинде билдирди. Президент Казакстан азык -түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмун түзүүгөдемилгечи болгонун белгиледи. Бүгүнкү күндө анын курамында калктын жалпы саны 1,4 миллиардга жакын 36 өлкөнү бар. Аталган уюмдун алкагында Казакстан жыл сайын муктаж болгон өлкөлөргө, анын ичинде ооган элине буудай жана ун жеткирүү сыяктуу кайтарымсыз гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келет. Президент эки өлкөнүн ортосундагы агротехникалык, илимий жана инновациялык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле финансы, инвестиция, транспорт жана логистиканы өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана сактоо максатында туруктуу экосистеманы куруу үчүн мүмкүн болушунча жигердүү иштеши керек. Саммит ачарчылыкты жоюу, азык -түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана жакшыртуу, айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү сыяктуу туруктуу өнүгүүнүн экинчи негизги максатын ишке ашырууга жардам берет деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков