Президент Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Тажикстанга барды

Президент Касым-Жомарт Токаев иш сапары менен Тажикстанга барды

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга иш сапары менен барды. Президент Дүйшөмбү шаарында өтүүчү ЖККУнун сессиясына жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчылары кеңешинин жыйынына катышат. Мамлекет башчысы Президент Эмомали Рахмон менен жолугушууда алдыдагы иш -чараларда эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди талкуулоонун өзгөчө маанисин белгиледи. Лидерлер эки тараптуу форматта да, көп тараптуу структураларда да биргелешкен иш-аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков