Мажилисте балдардын укугун коргогон атайын мыйзам каралууда

Мажилисте балдардын укугун коргогон атайын мыйзам каралууда

Балдардын укуктары ар тараптуу корголот. Мажилистин жалпы жыйынында депутаттардын демилгеси менен иштелип чыккан тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Документте балдардын турак-жай менен камсыздалышы жана үй-бүлөлүк шартта кызыкчылыгын коргоо, көзөмөлсүздүктөн жана кароосуз калуудан алдын алуу боюнча бир катар жоболор камтылган. Мындан тышкары, билим берүү жана ден соолукка байланыштуу кошумча чаралар камтылган. Төмөнкү палатанын төрагасы Нурлан Нигматулиндин айтымында, мыйзам долбоору жарандардын интернет аркылуу кысым көрсөтүүдөн мыйзам жүзүндө коргоо боюнча президенттин тапшырмасын аткарууга багытталган. Анын айтымында, азыркы коомдо бейбаштык жана киберкуугунтук маселеси чоң түйшүк жаратып жатат. Балдарды бул коркунучтан коргоо үчүн интернет желесинде мыйзамга каршы контенттин алдын алуу чаралары колго алынат.

Нурлан Ныгматулин, РКнын парламент мажилисинин төрагасы:

- Балдардын укуктарын коргоо жаатындагы көйгөйлөрдү бир гана бирдиктүү мыйзам долбоорунун алкагында чечүү мүмкүн эмес, албетте, бул жерде системалуу чаралар жана комплекстүү мамилелер керек. Бул үчүн бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, мугалимдердин жана ата –энелер коомчулугунун биргелешкен аракети талап кылынат. Ал эми өз кезегинде депутаттык корпус балдардын укуктарын коргоо механизмин жакшыртуу үчүн мыйзамдык жагынан колдоо көрсөтүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков