БУУ Башкы Ассамблеянын жайыны Семей полигонунун жабылышына арналды

БУУ Башкы Ассамблеянын жайыны Семей полигонунун жабылышына арналды

Казакстандын анти ядролук куралга каршы тажрыйбасы башка өлкөлөр үчүн үлгү. Анткени, өзөктүк куралы жок дүйнөнү куруу маселеси актуалдуулугун азыркы күнгө чейин жогото элек. Ал эми Казакстан глобалдык коопсуздукту тузүү демилгесин мындан 30 жыл мурун баштаган. Бул тууралуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында айтылды. Быйылкы 12-жолу өткөрүлүп жаткан пленардык жыйын Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин видео кайрылуусу менен ачылды.

Нурсултан Назарбаев, Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти, Эл Башы:

- Өзөктүк куралсыз дүйнө кыймылында алдыңкы катардагы өлкөлөрдүн арасында биздин Казакстандын өзгөчө орду бар. Ошол эле учурда коркуу жок жана адамзаттын келечекке болгон чоң ишеним менен жашоого болгон каалоосу Казакстан элинин улуттук өзүн-өзү таануусунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Бардык өлкөлөргө ядролук куралсыз эле алдыга умтулууга жана гүлдөөгө болорун көрсөтүү - Казакстандын ардактуу миссиясы болду. Убакыт көрсөткөндөй, биз жаңы, жаш мамлекеттин чыныгы күчү кандай болушу керек экенин өзүбүз үчүн аныктай алдык. Менимче, жогоруда айтылгандардын баары мага дүйнөлүк коомчулукту Казакстандан үлгү алууга жана Казакстандын тажрыйбасын дүйнө жүзүндө колдонууга чакыруу жана үндөөгө моралдык укук берет.

Салтка айланган жыйынга жүзгө жакын өлкөдөн катышкан делегацияларынын өкүлдөрү Казакстандын батыл кадамы маанилүү тарыхый окуяга айланганын белгилешти.

Роберт Флойд, Өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу тууралуу келишим уюмунун башчысы:

- Башкы Ассамблеянын быйылкы жыйыны бир эле Казакстан үчүн эмес, бардык өлкөлөр үчүн маанилүү. Анткени Казакстан ядролук куралы жок дүйнөнү куруу жолунда чоң салым кошту десек болот. Келечекте биз Казакстандын көрсөткөн үлгүлүү демилгесин улантабыз жана өзөктүк сыноолорду токтотуу үчүн иштейбиз.

Башкы Ассамблеянын пленардык жыйынынан кийин Семей ядролук полигонуна арналган атайын фотокөргөзмө уюштурулду. Аталган экспозицияда «Невада-Семей» антиядролук кыймылынын тарыхы, ошол кездеги өзөктүк сыноолордун курмандыктарынын жана Казакстандын

ядролук куралсыздануу менен жайылтпоо ишине кошкон салымы тууралуу сүрөттөрү коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков