ЕАЭБ өлкөлөрү арасында электр энергетикасы тармагын жакшыртуу

ЕАЭБ өлкөлөрү арасында электр энергетикасы тармагын жакшыртуу

Казакстан эми Армения менен электр тармагында эффективдүү кызматташтык түзө алат. Бүгүн парламент сенатынын пленардык жыйынында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге Армениянын кошулушуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протокол ратификацияланды. Документ тараптар ортосунда энергия булактарын алмашуу методологиясын аныктайт. Башкача айтканда, тарифтик саясатты жана бааларды белгилөө, табигый монополиялар субьектилеринин көрсөтулгөн кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана биримдикке мүчө мамлекеттердин энергетикалык тармактарынын эффективдүү иштөөсүнө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, учурда протокол Армения, Беларус, Кыргызстан жана Орусия тарабынан жактырылган.

Маулен Ашимбаев, РКнын Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Мыйзам кабыл алынды. Урматтуу кесиптештер, бүгүнкү күндө экономиканын дараметин жогорулатууда электр энергиясынын ролу өзгөчө. Буга байланыштуу бул мыйзам мүчө өлкөлөрдүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков