Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине жылдык кайрылуусун жолдоду

akorda.kz

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик каржыны башкаруунун жаңы концепциясын иштеп чыгууну тапшырды. Анын айтымында, муну менен Өкмөт менен Улуттук банк алектенүүгө тийиш. Мамлекет башчысы Улуттук кордун активдерин калыбына келтирүү үчүн бюджеттик эрежелерди киргизүүнү тездетүү зарыл экенин белгиледи. Тийиштүү мыйзамдык түзөтүүлөр ушул жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек. Ошентип, өлкөдө мамлекеттик каражаттарды, мамлекеттик карызды, бюджеттик саясатты жана Улуттук корду башкаруу боюнча эрежелердин жыйындысы түзүлөт.

Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:

- Мамлекеттик карыздын аздыгына жана олуттуу резервдердин болушунун аркасында Казакстан пандемиянын кесепеттеринен салыштырмалуу ийгиликтүү күрөшүүдө. Бул биздин олуттуу артыкчылыгыбыз жана аны азыр жоготуп албоо маанилүү. Акыркы убакта бюджеттин тартыштыгын жана Улуттук кордон мамлекеттик чыгымдарды жабуу үчүн трансферттерди көбөйтүү тенденциясы байкалууда. Мындай оңой жолго түшүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Финансылык туруктуулук кору чексиз эмес. Бюджеттин кирешесин көбөйтүү үчүн чаралар керек экени түшүнүктүү. Бирок биринчи кезекте мамлекеттик чыгымдардын көлөмүн жана эффективдүүлүгүн көзөмөлдөө керек.

Президент мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып жатып, бүгүнкү күндө республиканын мамлекеттик ишканалары көптөгөн секторлордо үстөмдүк кыларын белгиледи. Ал улуттук компаниялардын чыгымдары үчүн биринчи деңгээлдеги жетекчилер жооп берүүгө тийиш экендигин белгиледи. Деген менен мамлекет башчысы аталган көйгөйлөрдүн чечими азыртан табылып жатканын айтты. Тактап айтканда, мамлекеттик башкаруу концепциясында квазимемлекеттик секторду кыскартуу, эффективдүүлүктү, ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар каралган.

Касым-Жомарт Токаев, РКнын Президенти:

- Экономикага мамлекеттин катышуусунун басымдуу болуусу анын өсүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу тоскоол болуп, коррупцияга жана мыйзамсыз лоббизмге алып келет. Мамлекеттик ишканалар мурдагыдай монополиялык жеңилдиктерди колдонууну улантып, көптөгөн тармактарга таасирин тийгизүүдө. Реформалар боюнча Жогорку Кеңеш менчиктештирүүнүн жаңы мерчемин кабыл алды, эми ал катуу көзөмөлдү талап кылат. Эмне үчүн жеке улуттук компаниялар жана мамлекеттик ишканалар чыгымга учурап жатат да, ал эми ошол компаниялардын жогорку жетекчилери жоопко тартылбайт. Өкмөт бул маселени чечиши керек.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине жылдык Кайрылуусун жолдоду. Анда ал түрдүү кызмат тармактарынын маселелерин көтөрүп, аларды чечүүнүн жолдорун жарыялады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×