Казакстан-Швейцария: кызматташтык меморандумуна кол коюлду

Казакстан-Швейцария: кызматташтык меморандумуна кол коюлду

Кызматташтык бекемделүүдө. Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти – Эл Башы китепканасынын делегациясы Женева саясат жана коопсуздук борбору менен Женевадагы БУУнун Женевадагы өкүлчүлүгүнүн китепканасы жана архивинин жетекчилери менен жолугушту. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелери жөнүндо биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна, ошондой эле атайын катка кол коюлду. Бул документ архивдерди, тарых жаатындагы көп тараптуу, эл аралык мамилелерди жана баалуулуктарды изилдөөнүн кызматташтыгын, Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердүүлүгү менен Казакстандын тарыхый мурастарын изилдөө боюнча өнөктөштүктү көздөйт. Белгилей кетсек, Швейцарияда өткөн атайын иш-чара Семей ядролук полигонунун жабылышынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Бакытжан Темирболат, Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти – Эл Башы китепканасынын мүдүрү:

- БУУнун китепканасы өз демилгесин - Улуттар Лигасында пайда болгон уникалдуу мекеме. Анда БУУнун өзөктүк куралга каршы аракетин камтып көрсөткөн архивдик документтер жыйналган. Бул Казакстан жана Эл Башы китепканасынын маанилүү бир багыты, анткени Туңгуч Президенттин тарыхый мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун жана Туңгуч Президентибиздин китепканалары арасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жана маалымат, китептер, басылмалар, архивдик документтерди алмашуу боюнча окшоштуктары көп.

Франческо Пизано, Женевадагы БУУ өкүлүчүлүгүнүн китепканасы жана архивинин мүдүрү:

- Казакстан БУУнун беделдүү мүчөсү экенин билебиз. Өзөктүк куралсызданууга, эл аралык кызматташтык жана көп тараптуу мамилелерге чоң маани берген өлкө. Ошондуктан, биз бүгүн кызматташуу меморандумуна кол коюлганын жогору баалап отурабыз. Казакстан менен Женевадагы БУУнун өкүлчүлүгүнүн ортосунда дагы бир күчтүү байланыш бар. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев аталган бөлүмдүн башкы мүдүрү болгон. Мен анын кол астында иштегем, жакшы тааныйм. Бул жерде аткарган эмгегиме абдан ыраазымын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков